Жаңылыктар
Садыр Жапаров Корея Республикасынын Президентине көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Корея Республикасынын Президентине көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү

«Сеул шаарынын Итэвон районундагы орун алган тыгындын кесепетинен көп сандаган адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетишин каалайм. Орду толгус жоготуунун азабын, ачуусун тең бөлүшөм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.