Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Абу-Даби шаарына барды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Абу-Даби шаарына барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Абу-Даби шаарына барды.

Мамлекет башчысынын учагы Абу-Даби шаарындагы эл аралык аэропортуна конду.

Флагштокторго Кыргызстан менен БАЭ туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Ушул эле жерде Президент Садыр Жапаров менен БАЭ энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл бин Мохаммед Фарадж Фарис Аль Мазруэй менен кыскача баарлашуу болду.
Эске салсак, иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.