Жаңылыктар
Cеулда майрамда каза болгондордун саны 150 адамга жетти
Дүйнө
Cеулда майрамда каза болгондордун саны 150 адамга жетти

Түштүк Кореянын борбору Сеулдун Итхевон районунда 29-октябрдан 30-октябрга караган түнү Хэллоуин майрамында тебелендиде калып каза болгондорду эскерүү иш чарасы өттү. Каза болгондорго арнап адамдар гүл коюп, шам жагышты. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсык кеминде 154 адамдын өмүрүн алды. Өлгөндөрдүн арасында 26 чет элдик, анын ичинде төрт орусиялык аял, ошондой эле АКШ, Кытай, Франция, Норвегия, Казакстан жана Өзбекстандын жарандары да бар. Сеул шаарынын мэри О Се Хун Европага пландалган сапарын токтотуп, шаарга кайтып келди.

Итхэвон метросунда элдин саны көп деген маалыматтар 29-октябрда кечки саат 7де айтылган. Бир нече сааттан кийин 4 метрлик тар көчөлөрдө эл өтө албай тыгылып, бири-бирин жөөлөп, тебелеп жатат деген кабарлар келе баштаган.

Кырсыкка байланыштуу жекшемби күнү эртең менен Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль жалпы өлкө боюнча жети күндүк аза күтүү күнүн жарыялады. Мындан улам Кореяда туу ылдый түшүрүлүп, көпчүлүк дүкөндөр Хэллоуин майрамына карата жасалгаларын алып салышты.