Жаңылыктар
Милиция кызматкерлеринин майрамы
Кыргызстан жаңылыктары
Милиция кызматкерлеринин майрамы

1-ноябрда Ички иштер министрлигинин жыйындар залында Милиция кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Министр тартип сакчыларын майрамы менен куттуктады. Кесиптик майрамга карата өткөрүлгөн салтанатта кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку көрсөткүчтөр менен айырмаланган бир катар кызматкерлерге Президенттин, министрлер кабинетинин, Жогорку Кеңештин атынан сыйлыктар тапшырылды. 

Ички иштер министри кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку кесипкөйлүгүн жана мыкты натыйжаларын көрсөткөн ИИМдин Ички аскерлеринин өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларына жана милиция кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктарды тапшырды. 

Ошондой эле бир катар милиция кызматкерлерине кезектеги атайын наамдар мөөнөтүнөн мурда ыйгарылды.