Жаңылыктар
Системалык коррупцияны жоюунун аракеттери
Коррупция
Системалык коррупцияны жоюунун аракеттери

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция системалык коррупцияны жоюунун аракетинде. Башкысы ишкер чөйрөнү обу жок текшерүү тартипке салынды. 

Бул жумуштар президент кол койгон “бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыктын негизинде ишке ашып жатат. Коргоо кеңешинде да өлкөдө коррупцияга белчесинен баткан тармактар бар экени айтылган.

Текшерүү жана көзөмөл жүргүзүү укугуна ээ болгон соң мекемедеги эң эле майлуу-сүттүү жер деп текшерүү жүргүзүү табылган. Себеби ишкер субъектилерин текшерүүгө барганда бармак басты, көз кысты деген ыкма менен ишти жаап, параны кымырып алган кызматкерлер көп болгон. Жемкорлуктун бул көрүнүшүн жоюу үчүн Коргоо кеңешинин жумуш тобу атайын сунуштарды иштеп чыккан. 

Жаңы ыкмалардын жыйынтыгында кызматкерлерге каршы козголгон кылмыш иштеринин саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла төмөндөгөн. 2015-жылы мамэкотехинспекциянын архитектура, экология тармагын текшерген инспекторлорунун үстүнөн 14 кылмыш иши козголгон. Талдоочулардын пикиринде да жемкорлук менен үстүртөн эмес тармактарда анын кесепеттери менен көрүнүштөрүн жоюу көбүрөөк натыйжа берет. 

Коргоо кеңешинин сунушу менен инспекцияда “proverka kg” сайты ишке кирген. Бул жерге текшерүүлөр боюнча маалыматтар илинет жана жарандар кайрыла турган ыкчам байланыш телефондору бар.