Жаңылыктар
Дүйнөнү тамшандырган кыргыз балы
Кыргызстан жаңылыктары
Дүйнөнү тамшандырган кыргыз балы

Кытай кыргызстандык эки фирманын балын алууга убактылуу чектөө киргизди. Алар мунун себебин - балдын курамында антибиотик бар экени менен түшүндүрөт. Көпчүлүк өлкөлөрдү сапатынын мыктылыгы менен суктандырган кыргыз балынын курамынан кандайча дары чыгууда?

Аары деле ооруйт. Алар деле жазында биттеп, кенелеп кетет. Ичи да өтөт. Мындан улам, аарыны балчылар кадимкидей эле дары менен дарылашат. Бирок аны сакайта турган дармекти өлчөмү менен колдонуш керек. Болбосо, антибиотик балга да өтүп кетет. Бирок бардык дары сакайтканы менен, айрымдарын аарыга колдонууга болбойт.

Балды текшере турган мамлекеттик лабораториядагылар кыргыз балчыларынын көпчүлүгү эмес, айрымдары аарыны дарылоонун жол-жобосун жакшы биле албай жатат. Кээси аары ооруп калганда дарыны көбүрөөк өлчөмдө жана технологиясын сактабаган учурлар дагы кездешээрин айтат. Бул болсо, келип эле балдын сапатына таасирин тийгизүүдө. 

Балчылар ассоциациясы болсо, Кытай тарап аарыны дарылай турган дарыны Кыргызстанга сатып, кыргыз рыногуна толугу менен кирүүгө далалат кылууда, -дейт. Азыр аарычылар негизинен Орусияда өндүрүлгөн антибиотиктерди колдонот. Кытай ишкерлери өз өлкөсүндө чыгарылган дарыны алсаңар, кыргыз балын алууга даярбыз, -деген. Бирок кыргыз балын алар тонналап алуусуна азырынча кепилдик жок, -дейт аарчылар ассоциациясынын президенти.

Азыр Кыргызстандагы асел дүйнөгө “Кыргыз балы” деген бренд менен таанылып, акыркы жылдары кыргыз балы эл аралык көргөзмөлөрдө табигий тазалыгы жагынан алдына эч кимди чыгарбай, биринчи орундарды ээлеп келүүдө. Мындан улам, адистер брендди колдон чыгарбай, аарыны дарылагандан тарта, балды сатканга чейинки процедураларда бардык эл аралык талаптарды сактоого чакырат.