Жаңылыктар
Бишкек шаары кыш мезгилине толугу менен даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаары кыш мезгилине толугу менен даяр

Бишкек мэри шаар тургундарын жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын суук мезгилге карата камылгасы менен таанышып чыкты. Бишкек жылуулук борборунан тышкары шаардын калган бөлүгүнө жылуулук берчү тармактарда жумуш соңуна чыгып, сууктун киришин күтүп жатканы маалым болду.

Жылуулук таратчу ишканаларда оңдоп-түзөө иштери аяктап калды. аны менен Шаар башчы от казандардын абалына көз салып чыкты. Шаардагы үй, мекемелерди газ жагып жылытууга басым жасалууда. Маселен 43 көп кабаттуу үй жана башка социалдык мекемелерди жылуулук менен камсыздачу “Ботсад” буу казаны быйылтан тарта газ менен иштей баштады. Газ колдонуу бир жагынан үнөмдүү болсо, экинчиден кубаттуулугу жогору. 

Баш калаанын 40 пайызын жылуулук менен камсыздаган ишканалар көпчүлүк бөлүгү акыркы беш жыл аралыгында толугу менен жаңыланган. 

Быйыл кыш катуу болот деген божомол бар. Адистер суук кирип келсе жылуулук таратууга даярбыз деп билдирет. Азыркы күндө керектелчү көмүрдүн теңи кампаларга жыйналган. Жаңы жылга чейин калган 6 миң тонна ташылып келмекчи.