Жаңылыктар
Көңүл буруңуз! Адам өлтүрүүгө шектелген 2 жаран изделип жатат
Кылмыш
Көңүл буруңуз! Адам өлтүрүүгө шектелген 2 жаран изделип жатат

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы киши өлтүрүүгө шектелген эки жаранга издөө салат.  Ички Иштер министрлигинин басма сөз маалыматына ылайык,  «20-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында Токтогул РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Үч-Терек районунда арыктан зомбулук менен каза болгон европа улутуна түспөлүндөш адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Өлтүрүлгөн адамдын аты-жөнү такталып — ал 44 жаштагы жаран болгон. Ал июнь айында  жанындагы — 32 жаштагы Тилек Жаанбаев жана 24 жаштагы Марлен Аптандил уулун салып унаасы менен Орусиядан кеткен. Кыргызстанга келгенде ал киши өлтүрүлүп, унаасын уурдап кетишкен», — деп айтылат маалыматта. 

Ыкчам кызматкерлер унаанын жайгашкан жерин аныктоого жетишкен. Кылмышкерлер тергөөдөн жашырынып жүрүшөт.

Тилек Жаанбаев менен Марлен Аптандил уулунун жүргөн жерин билгендер милицияга төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: 0312266261 (ГУУУР ИИМ), 0700045555, 0553551118, 0500676318, 0500676318, 0500676318. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.