Жаңылыктар
Бишкекте сапаттуу инфраструктура боюнча кыргыз-япон форуму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте сапаттуу инфраструктура боюнча кыргыз-япон форуму өттү

Бишкекте сапаттуу инфраструктура боюнча кыргыз-япон форуму өттү. Кыргызстан менен Япония ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнү максат кылган иш чарага, Япониянын 20га чукул ири компанияларынын өкүлдөрү келишкен.

Япониянын жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министринин орун басары жетектеп келген делегациянын курамында 20 га жакын, Япондук ири компаниялардын өкүлдөрү бар. Кезегинде чет өлкөлүк ишкерлер Кыргызстандагы инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар, мамлекеттин ЕАЭБке кирүүсүнө байланышкан жаӊы мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле кыргыз жана япон бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштар менен биргелешкен пландарын айтышты.

Быйылкы сегиз ай ичинде Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы товар жүгүртүү 10 млн долларды түзгөн. Бул көрсөткүч албетте Япония сыяктуу өнүккөн өлкөлөр үчүн өтө аз. Муну эске алышкан тараптар эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланыштарды кеӊейтүүгө көмөктөшүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Форумдун алкагында кайсы бир макулдашуулар жүзөгө ашса, Кыргызстандын экономикасы үчүн олуттуу салым болот. Анткени Япония мамлекети тарыхта эч бир мамлекет менен туруксуз келишимге барбагандыгын, андыктан алар менен кызматташуу жемишин гана бере тургандыгын Кыргызстандын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбеков белгиледи.

Серепчилердин баамында, өнүгүү үчүн бизге Япония өлкөсү сыяктуу ишенимдүү өнөктөштөр өтө керек. Арийне бүгүнкү күндө кыргыз-япон кызматташуусунун алкагында алгачкы жыйынтыктар бар. Эми бул иш чаранын жыйынтыгы боюнча дагы конкреттүү долбоорлор пайда болсо, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташуу мындан дагы жогорку деңгээлге көтөрүлүшүнө шарт түзүлөт.