Жаңылыктар
Ош шаарынын 3016 жылдыгы белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарынын 3016 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, Ош шаарынын 3016 жылдыгы белгиленди. Майрамдык салтанатка биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Түркия, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандан келген расмий өкүлдөр жана шаар тургундары катышты.

Майрамдык салтанат алгач, расмий өкүлдөрдүн куттуктоолору менен башталды. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин пикиринде, Ош-республиканын экинчи борбору гана эмес, Чыгыш менен Батышты бириктирген Улуу Жибек Жолундагы соода борбору катары таанымал. Андыктан, бул байыркы калаа -кыргыз элинин сыймыгы.

Майрамдык иш-чара шаардын өнүгүшүнө салым кошкон социалдык, экономикалык, өндүрүш тамактарынын өкүлдөрүнүн салтанаттуу жүрүшүнөн кийин, театрлаштырылган оюн-зоок менен улантылды.

Ош шаары-ооматтын, берекенин, ынтымактын жана тынчтыктын ордосу” аттуу Кыргызстан Элдер Ассамблеясынан майрамдык белек жана 500 комузчунун аткаруусундагы “Маш ботой”күүсү да жаңырды.

Бүгүнкү шаар күнүнө 5 мамлекеттен 25 делегация өкүлдөрү катышты. Алар да Ош шаарына суктангандарын жашырышкан жок.

Борбордук аянттагы мацрамдык иш-чарага күбө болгон шаар тургундары менен конокторунун тилеги бир-тынчтык, ынтымак, өнүгүү. Майрамдык салтанат кечинде борбордук стадиондо чоң программадагы гала -концерт менен жыйынтыкталат.