Жаңылыктар
Кытай кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган Баткен облусунун тургундары үчүн 100 миң доллар бөлөт
Экономика
Кытай кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган Баткен облусунун тургундары үчүн 100 миң доллар бөлөт

Кытай Эл республикасы Кыргызстанга Тажикстандын куралдуу кол салуусунуна жабыр тарткан Баткен элине жардам берет. 

2-ноябрда КР Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуу өткөрдү. 

Расмий жолугушуунун жүрүшүндө Кытай тарап кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган Баткен облусунун тургундары үчүн 100 миң доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам бөлүү чечими тууралуу маалымат берди. 

Тараптар ошондой эле КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, КЭРдин тышкы иштер министри Ван Идин Кыргызстанга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.