Жаңылыктар
Бишкектин тургундарын тейлөө үчүн кеминде 1 500дей автобус керек
Экономика
Бишкектин тургундарын тейлөө үчүн кеминде 1 500дей автобус керек

Убакыттын өтүшү менен борбор калаада калктын саны өсүп жаткандыгы маалым. Буга байланыштуу калаанын калкын тейлеген коомдук транспорт, анын ичинде автобустардын саны көбөйтүлүш керек болуп жатканы маалым. 

Мэриянын Транспорт жана жол транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу бул тууралуу маалымат берди. Анын созунө ылайык, Бишкекке  автобус сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1 миллиард сом каралган. Бул акчага 120 автобус алынып,  алар калаага декабрдын башында келет;

Коомдук транспортко Азия өнүктүрүү банкы менен  Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан да жарымы грант, жарымы насыя түрүндө акча каражаты каралган. Азия өнүктүрүү банкы берчү акчага 120 электробус алынмакчы. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы берчү акчага 240 автобус сатып алуу пландалган. Ал эми калаанын тургундарын толук кандуу камсыздоо үчүн Бишкекке кеминде 1500 миң автобус керектелет. Бүгүнкү күндө борбор калааны 306  автобуз жан 1798 маршруттук таксилер тейлеп жатат.