Жаңылыктар
Бишкектеги эмен багы жаңы тарыхый эстеликтер менен толукталды
Маданият
Бишкектеги эмен багы жаңы тарыхый эстеликтер менен толукталды

Маданиятка, искусствого, илим-билимге салым кошкон 14 тарыхый инсандын айкели Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата чегилген. асман алдындагы музейдеги эстеликтер маданият ишмерлерли жана сүрөтчүлөрдүн катышуусунда расмий ачылды. 

Эмен багына орнотулган тарыхый композициялардын бирин чегип даярдоо иши, айкелчи Айдарбек Ускеевге жүктөлгөн. 

Ал улуу манасчы Саякбайдын айкелинин үстүндө 2 ай убактысын короткон. Башына шумкар куш конгон, манасчынын эстелиги көрүүчүнү ойго салат.

Айкелдер жасалып жаткан доломит жана гранит ташы Ош облусунан алып келинген. 

Бул ташы миллион жыл мурда пайда болуп, андан жасалган эстеликтер дагы 100 жылдап сакталат,- дейт айкелчилер. 

Сүймөнкул Идирисов