Жаңылыктар
Өспүрүм кыздардын никесин кыйууга тыюу салган мыйзам 3-окууда кабыл алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Өспүрүм кыздардын никесин кыйууга тыюу салган мыйзам 3-окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңеште 18 жашка чейинки кыздардын никесин кыйууга тыюу салган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. 

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык жашы-жете электердин никеге отургузууга көмөктөшкөндөр 3-5 жылга чейин эркинен ажыратылат. 

18 жашка чейин кыздардын никесин кыйууга  тыюу салган мыйзам долбоорун жыл башында эл өкүлдөрү Аида Салянова менен Эльмира Жумалиева демилгелеп чыккан. 

Кабыл алынган мыйзамга ылайык жашы жете элек кыздарды күйөөгө чыгуусуна көмөктөшкөн ата-эне, никесин кыйган молдо жана жашы жеткен  бала дагы сот жоопкерчилигине тартылат.       

Мирбек Сакенов