Жаңылыктар
Чиновниктерге интернет колдонууга тыю салынабы?
Саясат
Чиновниктерге интернет колдонууга тыю салынабы?

Атка минерлерди социалдык тармактарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу керек. Деген сунуш  4-октябрь күнү Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат комитеттин жыйынында депутаттар тарабынан айтылды. 

Эл өкүлү Дастан Бекешов чиновниктер иш учурун интернетке, анын ичинде социалдык  түйүндөргө алмаштырбашы  керек,  анын ордуна өз милдеттерин так аткарышса  деген көз карашын билдирет. 

Бирок буга депутаттарды кошууга болбойт, алар эл өкүлү. Коомдо болуп жаткан  окуялар, көрүнүштөр  менен депутаттар  жакындан кабардар болуп турушу керек  дейт Бекешов. 

“Мамлекеттик кызмат” жөнүндөгү мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматка  келе турган  ар бир кызматкердин милдети так көрсөтүлгөн. 

Тактап айтканда, жумушун так аткарышы керектиги жазылып турарын юристтер белгилешет. 

Деген менен буга каршы чыккандар дагы жок эмес. 

Гүлжан Каражанова