Жаңылыктар
Үркүндүн 100 жылдыгына карата автокербен болот
Кыргызстан жаңылыктары
Үркүндүн 100 жылдыгына карата автокербен болот

Үркүндүн 100 жылдыгына арналган автокербен, 7-октябрда Ата–Бейиттен башталып, Тоң  районундагы   Кырк–Шейитте  аяктайт. Аны “Балыкчы Ак жол ынтымагы” коомдук бирикмеси   уюштурууда. Максаты тарыхты   эскерүү менен үркүн шейиттерине куран түшүрүү. 

1916-жылы улуттук-боштондук  көтөрүлүш жеңилгенден кийин, кыргыз эли   эбегейсиз кыргынга учураган тарыхый жерлерде куран түшүрүп, эскерүүлөрдү  өткөрүү иш чарасы, быйыл экинчи жолу уюштурулууда. Бул  жолу  Тарых жана маданият жылындагы иштерге таасирлене демилге  көтөргөндөр “Балыкчы Ак жол ынтымагы” коомдук бирикмесинин  жамааты.  Аларга колдоо көрсөткөн  Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  “Кыргызстан” фракциясынын  депутаты   Асылбек уулу Дамирбек, бул тарыхый окуяны эске салуу акциясынын  багытын  белгиледи.

1916-жылдагы кайгылуу окуяны эскерүү жана үркүн шейиттерине куран түшүрүү иш-чарасын мындан нары салтка айлантуу менен катышуучулар чөйрөсүн кеңейтүү максаты бар экенин уюштуруучулар билдиришти.

Зинакан Кайыпова