ТҮРКСОЙ уюмунун Туруктуу кеңешинин 39-жыйынында 2023-жылы СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын белгилөө тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Жыйын 5-ноябрь күнү Түркиянын Бурса шаарында өткөн.
Иш-чарага Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түндүк Кипр, Казакстан мамлекеттеринин маданият министрлери жана бир катар уюмдардын өкүлдөрү катышкан.
Натыйжада Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгы менен казак композитору Темирбек Жургеновдун 125 жылдыгы, түрк акыны Мехмет Акиф Эрсоянын 150 жылдыгы, агартуучу Бирунинин 1050 жылдыгы, кипрлик сүрөтчү Исмет Вехит Гюнейдин 100 жылдыгы белгиленет.