Жаңылыктар
39 жыл комада жаткан футболчу
Спорт
39 жыл комада жаткан футболчу

Футболчулар тууралуу көптөгөн кызыктуу окуялар бар, бирок борбордук коргоочу Жан-Пьер Адамстын окуясы уникалдуу жана ошол эле учурда трагедиялуу. 

Аталган футболчу Сенегалдын Дакар шаарында төрөлгөн. Бала кезинде үй-бүлөсү менен белгилүү себептерден улам Францияга качкан. Ал учурда «качкын» статусу менен чоң абройго жетүү мүмкүн эмес эле. 

Анткени менен Жан-Пьер бул сыноону жеңип, футболдук карьерасын “Ним” командасында баштайт. Өзгөчө  “Ницца” менен “ПСЖ” клубдарында ойноп атактуулукка жетти. Жалпы эки команда учун 6 сезон өткөргөн. 1972-1976-жылдар аралагында Адамс Франция улуттук курама командасында да мыкты футбол тартуулап келген. Дагы бир кара терилүү оюнчу Мариус Трезор менен күчтүү байламтаны түзгөн.

1982-жылы 17-мартта Адамстын жашоосу токтоп калган. Ал убакта франция өкүлү оюнчу катары карьерасын жыйынтыктап, машыктыруучулук боюнча атайын курстарды окуган. Ошол убакта Жан-Пьерди илгери тизесинен алган жаракаты тынчсыздандырып келген. Мындан улам ал Парижде операция жасатууну чечет. Бирок тааныш дарыгери мындай операцияны Лиондо, өзү иштеген клиникада деле ишке ашырса болорун айткан. Буга экс-футболчу макул болгон.

Чынында операция оор эмес болчу. Хирургдар бир саатта бүтүрө турчу иш эле. Бирок жагдай эң кейиштүү болуп чыкты. Ошол убакта Францияда дарыгердин баары митингге чыгып, ооруканаларда кадр жетишсиз болгон. Жалгыз анестезиолог бир убакта 8 операцияга катышкан учурлары катталган. 

Ошондой кыйчалыш учурда Адамс операция жасатмакчы болот. Ызы-чуудан улам анестезиолог ага дозасынан эки эсе ашыкча дары саят. Мындан сырткары, хирургдун жардамчысы тажрыйбасыз болгондуктан, мээге аба кетире турган вентиляция түтүкчөсүн туура эмес туташтырган. Жыйынтыгында спортчунун жүрөгү мындайды көтөрө албай калыбына келтире алгыс абалга туш келет. Натыйжада Жан-Пьер Адамс комага түшүп калган.

Футболчунун келинчеги Бернадетт бул клиниканы сотко берген. Териштирүүлөр 12 жылга созулуп, анестезиолог күнөөлүү деп табылат. Тилекке каршы 1 айга гана камакка алынган. Адамстар үй-бүлөсүнө клиника тараптан берилген акчалай компенсация дагы аз болгон.

Белгилей кетсек, оюнчу ойноп кеткен “ПСЖ” жана “Ним” клубдары Адамстын акыркы күндөрүнө чейин материалдык жардам көрсөтүп келди. Ал эми “Шалон” клубу 1997-жылы стадионго Адамстын ысымын ыйгарган. 2021-жылы 6-сентябрда 73 жашында Жан-Пьер Адамс 39 жыл комадан чыкпай көз жумду. Ушул күнгө чейин аны аялы карап келген.