Жаңылыктар
Жыл аягына чейин мерчемделген бардык мектептердин курулушу бүткөрүлөт
Билим
Жыл аягына чейин мерчемделген бардык мектептердин курулушу бүткөрүлөт

Быйыл жыл аягына чейин өлкөдө пландалган бардык мектептердин курулушу бүткөрүлөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, республикадагы мектептердин курулушу маселеси боюнча өткөн жыйында билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2016-жылга республика боюнча 80 мектептин курулушу пландаштырылган. Анын ичинен ушул айга  карата 20 объект ишке берилген, ал эми 60 мектептин курулушу жыйынтыкталууда.

Адистердин айтымында союз маалында дагы өлкөдө мынча көлөмдө билим берүү мекемелери курулган эмес. 

Соңку жылдары өкмөт билим берүү тармагына көңүл буруусун күчөттү. Анткени бул аракеттер сандан сапатка өтүүнүн аракети болууда. Ал эми мектептердин курулуш иштери боюнча өткөн жыйында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алдына курулган объекттерди ишке берүүдө алардын сапатына өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы коюлду. 

Ал эми Архитектура курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине келерки жылдын планын түзүүдө өзгөчө аймактардагы талаптарга көңүл буруп, курулуш иштери аягына чыкпай калган объекттерге басым жасоо тапшырылды.    

Мээрим Абдраманова