Жаңылыктар
Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кышкы туризм боюнча алдыңкы үчтүккө кирет
Туризм
Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кышкы туризм боюнча алдыңкы үчтүккө кирет

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кышкы туризм боюнча алдыңкы үчтүккө кирет. Бул тууралуу ТурСтат маалымдады. Маалыматтык система КМШнын кышкы туризм жана эс алуу боюнча туристтер арасында эң белгилүү, жагымдуу өлкөлөрүнүн рейтингин сунуштады. 

Белгилей кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн рейтинги туристтер арасында популярдуулугунун жана КМШ өлкөлөрүндөгү туризм, эс алуу инфраструктурасын өнүктүрүүнүн негизинде түзүлгөн.ТурСтаттын маалыматы боюнча, туристтер арасында кышкы эс алуу боюнча КМШнын алдыңкы беш өлкөсүнө Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, ошондой эле Өзбекстан жана Армения кирет. Кыргызстанда кышында туристтерди борбор калаа Бишкек жана Каракол лыжа базасы, ошондой эле Ысык-Көл кызыктырат.