Жаңылыктар
“Референдум жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча ЖКда угуу өтөт
Саясат
“Референдум жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча ЖКда угуу өтөт

10-октябрда “Референдум жөнүндөгү” мыйзам  долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт. 

Ал парламенттеги конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти  боюнча комитети  тарабынан уюштурулууда.   

Эске салсак, 22- сентябрда  жалпы жыйындагы талкууда  депутаттар референдумду өткөрүү боюнча  мыйзам долбоорун колдошкон.  

Сунушталган өзгөртүүгө  ылайык, референдум парламенттин макулдугу менен гана өткөрүлөт деген норма киргизилип  жатат.  Ал эми учурдагы баш мыйзамга ылайык, референдумду 300 миң кол топтоп,  эл демилгелейт. 

Ошондой эле  демигеленип жаткан  түзөтүүгө ылайык, референдумду өткөрүүгө 10 миң кол топтоо жетиштүү болот.

Гүлбүбү Усенова