Жаңылыктар
Балыкчы: көмүрдүн тоннасы 3600 сомдон сатылууда
Аймак
Балыкчы: көмүрдүн тоннасы 3600 сомдон сатылууда

Балыкчы шаарында элди арзан көмүр менен камсыз кылуу иштери колго алынып, акыркы он күндөн бери тоннасы 3600 сомдон көмүр кампаларга келип түшүүдө. Бул элди суук түшкүчө отун менен камсыздоо иштеринин алкагында ишке ашырылып жатат. Бирок, Каракол шаарында көмүргө болгон тартыштык бар, элдин муктаждыгын чечүү максатында жергиликтүү бийлик чараларды көрүүдө.