Жаңылыктар
Бишкекте 10-ноябрда “Бишкек инвестициялык форуму” жана 11-ноябрда “Жашыл экономика – 2022” форуму өтөт
Экономика
Бишкекте 10-ноябрда “Бишкек инвестициялык форуму” жана 11-ноябрда “Жашыл экономика – 2022” форуму өтөт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитовдун айтымында, форумга Грузия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия жана бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышат.

“Жашыл экономика форуму негизги үч багытта өтөт: экологиялык транспорт, туруктуу туризм жана туруктуу жашыл каржылоо. Иш-чаранын максаты – өлкөлөр, ишкерлер ортосунда мамиле жана келишимдерди түзүү, ошондой эле тажрыйба алмашуу менен потенциалды жогорулатуу”, - дейт ал.

Сейитов мындан сырткары, “ГринЭкспо” көргөзмөсү өтөрүн кошумчалады.

ЖИА бизнес-ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошов форумдун алкагында экспо болуп, ага 1,5 миң ишкердин келиши күтүлүп жатканын кошумчалады.

“Инвестициялык форум 2015-жылдан бери өтүп келет. Ушул жылы инвестицияларды тартуу боюнча 200дөн ашык долбоор түшүп, анын 20сын тандадык. Алар эми инвесторлорду издей баштайт. Эртеңки иш-чарада коңшу өлкөлөрдүн жана биздин ишкерлер бир жерге чогулганы турат”, - деди Омошов.