Жаңылыктар
Төкмө акын Болот Назаров убактылуу кармоочу жайда. Ал бейтааныш адамдын жылкысын тартып алган
Кылмыш
Төкмө акын Болот Назаров убактылуу кармоочу жайда. Ал бейтааныш адамдын  жылкысын тартып алган

Төкмөлүк өнөрү менен калын журттун катмарына таанылган Болот Назаров ат урдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-ноябрь күнү Москва РИИБке Беловодское айылынын тургуну 1968-жылы туулган М.И. арыз менен кайрылган. Арызында 7-ноябрь күнү түштөн кийинки убакытта Москва районунун Чон-Арык айылынында белгисиз эркек киши жаш өспүрүм баласы 2008-жылы туулган М.Ю. минип жүргөн айгырын, сүрөткө түшүп алайын деп сурап алып, анан мингенден кийин баласына күч колдонуп айгырын минген боюнча, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган. Аталган факт Москва РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, 8-ноябрь күнү кылмыш иши козголгон. 9-ноябрь күнү Москва РИИБнүн кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш жасаган адам 1993-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран экендиги такталып, ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Уурдалган жылкы буюм далили катары алынган. Учурда тергөө амалдары  жүргүзүлүүдө.