Жаңылыктар
Шайлообек Атазов: Ташиев бийликке келгенге чейин эле Жалал-Абадда көптөгөн жолдорду салып берген
Саясат
Шайлообек Атазов: Ташиев бийликке келгенге чейин эле Жалал-Абадда  көптөгөн жолдорду салып берген

Камчыбек Ташиев туулуп-өскөн жери Жалал Абад облусунунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө жеке каражатынан 1,5 чакырым жолго асфальт төшөтүп берди. Бул жаңылык коомчулук арасында түрдүү пикир жаратып, айрымдар «каражатты кайдан алды, бийликте турганда мамлекеттин акчасынан чарптап туруп, жеке акчама салдым» деп коюшу мүмкүн деген пикирлер айтылууда. Бул тууралуу биз Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовго кайрылып анын пикирин уктук.

Шайлообек Атазов:  Ташиев бийликке келгенге чейин элге өз каражатынан жардам берип жүргөн. Анын туугандарынын жана өзүнүн жеке бизнестери бар экенин көпчүлүк билет. Жалал-Абадга спорт мектептерди, көп балалуу жалгыз бой энелерге үй салып берди, Барпы айыл өкмөтүнүн жолдорунун 90 пайызын жасап бергенин жалпы эл билет болуш керек. Негедир акыркы убакта жакшылыктан да негатив издеп калдык. Каражаты болсо чет өлкөдөн үй алып, чет элдик банктарга акчасын катпай кыргыз эли үчүн пайдалуу жумуш жасап бергендин эмнеси жаман. Эл үчүн жасалган мектеп, жол жана башкаларын Ташиев өзү менен кошо көтөрүп кетпейт да. Түбөлүккө эл менен калат, мунун эмнеси жаман? Тескерисинче башка чиновниктер да Мамлекетти  карап отура бербей ишкерлер да ушундай пайдалуу жумуштарды жасап көпчүлүккө түрткү болсун. Деги эле мындай жакшылык калың журттун катмарына тарап, көпчүлүккө үлгү болгону жакшы.