Жаңылыктар
Бүгүн Кыргызстан менен Ливандын футбол боюнча курамалары беттешет
Спорт
Бүгүн Кыргызстан менен Ливандын футбол боюнча курамалары беттешет

Бүгүн Кыргызстан менен Ливан футболчуларынын ортосунда жолдоштук оюн өтөт. 

Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиргендей, футболдук оюндарга сатылып жаткан билеттен түшкөн каражаттан 500 миң сом Шопоков шаарындагы майып балдардын интернатына берилет. 

Федерация президенти Семетей Султановдун айтымында, жарым миллион сомдук сертификат оюн алдында интернаттын директоруна тапшырылат. Футболдук беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бүгүн саат 20:30да башталат. 

Билеттер 200 сомдон 500 сомго чейин сатылууда. Бул таймаш дүйнөдөгү бардык үй-бүлөлөргө арналып уюштурулган.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118