Жаңылыктар
Майлуу-Суу лампа заводунун өндүрүшү жанданат
Кыргызстан жаңылыктары
Майлуу-Суу лампа заводунун өндүрүшү жанданат

Майлуу-Суу лампа заводунун өндүргөн продукциясын эми мамлекеттен каржылануучу мекеме-ишканалар түз келишимдин негизинде сатып алышат. Президент Садыр Жапаров шаар түзүүчү болгон лампа заводго колдоо көрсөтүү, жарык-техникалык тармакты өнүктүрүү, Майлуу-Суу шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу тууралуу тескемеге кол койгон. Ага ылайык, эми заводдун өндүргөн лампаларын сатуудагы көйгөй чечилет.