10-ноябрда түшкө жуук Бишкек шаарында жана башка аймактарда электр энергиясы кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу дароо социалдык тармактарда ар кандай маалыматтар тарап, Токтогул ГЭСинде авария болгондугу тууралуу пикирлер жайнап кетти. Кечке жуук энергетиктер маалымат жыйын куруп, жагдайдын себебин айтып беришти.