Жаңылыктар
Кыргызстандык 4 мушкер Азия чемпионатында коло медаль утушту
Спорт
Кыргызстандык 4 мушкер Азия чемпионатында коло медаль утушту

Ушул күндөрү Иорданиянын борбору Амман шаарында бокс боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. 10-ноябрь күнү жарым финалдык беттештер болуп, анда кыргызстандык 4 спортчу рингге чыкты. 

Алгачкылардан болуп өз беттешин Санжар Сейдакматов өткөрдү. 54 килограмм чен бирдигинде күч сынашып жаткан кыргыз мушкери Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси, филиппиндик Карло Паалам менен кез келип, утулуп калды. 

Рио Олимпиадасынын катышуучусу, улуттук кураманын капитаны, 86 килограмм чен бирдикте катышкан Эркин Адылбек уулу жарым финалда тайланддык каршылашына калыстардын чечими менен жеңилди. 71 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Нурадин Рустамбек уулу турнирдеги үчүнчү беттешин ирандык боксчуга каршы өткөрүп, жеңишти тарттырып жиберди. 

Эске салсак, Нурадин буга чейин жаштар арасында Азия чемпионатын 2 жолу уткан. 80 килограммга чейинки салмак категориясындагы мушкерибиз Өмүрбек Бекжигит уулу өзбекстандык Адылжан Арслановго калыстардын талаштуу чечими менен утулуп, финалга жолдомо ала албады. Ошентип, Кыргызстан курамасы Азия чемпионатынан 4 коло медаль утту. Бүгүнкү күнгө чейин Азат Усеналиев бокс боюнча Азия чемпионатын жеңген жалгыз кыргыз мушкери бойдон калууда. Ал 2013-жылы континенталдык биринчиликте алтын медаль уткан.