Жаңылыктар
Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. 

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. Сатыбалдиев КСПД партиясынан Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаты болчу. 

Жаңы жетекчини жамаатка вице-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев тааныштырды. 

Буга чейин облусту жетектеп келген Жумагүл Эгембердиева 15-сентябрда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигине жетекчи болуп которулган.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118