Жаңылыктар
Атам башка кишилер менен идеясын бөлүшүп, кагаз жүзүндө жазып бергенин көрчүмүн
Саясат
Атам башка кишилер менен идеясын бөлүшүп, кагаз жүзүндө жазып бергенин көрчүмүн

1991-жылдан баштап эгемен Кыргызстан тышкы саясатын өз алдынча жүргүзө баштаган. Ошол учурда өлкөнүн ТИМ пайдубалын түптөөгө, афган согушунун ардагери, илимпоз, КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси маркум Акылбек Салиев чоң салым кошкон. Ал кыргыздын ичинен чыккан туңгуч венгр таанучу болчу. Азыркы күндө бул тарыхый инсандын ишмердүүлүгү жөнүндө айрым фактылар мамлекеттик купуя сыр. Анын өмүрлүк жолундагы кээ бир фактыларды эжеси СССРдин “Эмгек сиңирген дарыгери”, КР ТИМ мурдагы экинчи катчысы Роза Салиева жана уулу Аман Салиев “Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикменин маалымат катчысы Алмаз Батиловго айтып беришкен. Белгилей кетчү жагдай Акылбек Ленбаевич атактуу мамлекеттик ишмер Батыш Салиеванын иниси.

Роза  Салиева: Акылбек, менин энем Батыштын бир тууганы иниси Ленбайдын уулу. Ал 1953-жылы 14-январда Түп районундагы Талды-Суу айылында туулган. Ленбай авам Кыргыз мамлекеттик университеттин тарых факультетин бүтүрүп, Талды-Суу айылынын орто мектебинде мугалим болуп иштеген. Ал окуучуларына чын дилинен билим бергенин өкмөт жогору баалап, Кыргыз ССРнин “Эмгек сиңирген мугалими” аттуу наамы менен сыйлаган. Ыраматылык Акылбек, авамдын улуу баласы болгондуктан үйдөгү бүт жумуштарды жасачу. Ал апам экөөбүз менен ынак эле. Акылбек бала кезинен билимге дилгир болчу. Мисалы, колу бошой калганда, тарыхый романдарды көп окучу. 1968-жылы ал жетинчи классты бүткөндөн кийин маркум апам ага Калинин шааарындагы азыркы (Тверь) Суворов аскердик училищасына тапшыр деп кеңеш берген. Анткени жогорудагы училищелер жакшы билим берчү. Ошол учурда советтик армия элдин сүймөнчүгү болчу. Акылбек анын кеңеши боюнча Калинин калаасындагы аскердик училищага тапшырып, өтөт. Акылбек Калининде окуп жүргөн учурда көп нерсени үйрөндү. Ал тарыхка абдан кызыгып, бул багыт боюнча ийримге активдүү катышып, спорт менен алектенет. Немис тилин да жакшы өздөштүүрүгө умтулат. Ушул училищада кадеттердин арасында Акылбек жалгыз кыргыз болчу. 1971-жылы Акылбек ушул орто окуу жайын ийгиликтүү аяктап, Москва эл аралык мамилелер боюнча институтунун венгр тили (мадьяр) бөлүмүнө өтөт.

КР ТИМ экинчи катчысы Роза Салиева (сол жактан биринчи). Германиянын президенттинин кеңсесинде кесиптештери менен. Бонн.1996-жыл.

Роза Салиеванын жеке архивинен.

Эмне үчүн Акылбек Салиевич венгр тилин тандап алган?

Аман  Салиев: Атам инстутка тапшырганда, аскердик формасын кийип барганмын деп эскерчү. Аларга институтта сынак экзамендери бүткөн соң, кайсы тил окуй тургандыгы жөнүндө чүчү кулак кармайсыңар дейт жетекчилик. Атам европалык тилди абдан  окугусу келген. Кудай жалгап чүчү кулак  кармаганда мадьяр жана англис тилине туш болгонун күлүп айтып калар эле. Ал кыргыздын ичинен алгачкылардан болуп венгр тилин окуган. Ошол учурда Чыгыш Европа СССРдин эң жакын өнөктөшү болчу. Бул аймак боюнча адистер аз эле. Өлкөнүн жетекчилиги ушул багытка абдан көңүл бурган. Ошондуктан, бул жогорку окуу жайга тапшыруу абдан кыйын болчу. Атамдын тайпасында болгону беш киши окучу экен. Ал инстутта кыргыз дипломатиясынын көрүнүктүү өкүлдөрү Дилде Бейшеева, Айжигит Буранов, Талат Масадыков менен чогуу окуган. Эң кызыгы атам Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев менен чогуу окуп, бир бөлмөдө жашаган экен.

Калинин шааарындагы азыркы (Тверь) Суворов аскердик училищасынын курсанты Акылбек Салиев. 1969-жыл.

Роза Салиеванын жеке архивинен.

Акылбек Ленбаевичке  бул жогорку окуу жайда окуган оор болдубу?

Роза  Салиева: Башында анча-мынча оор болду. Бирок Акылбек институтда венгр тили менен чогуу англис жана немис тилдерин жакшы өздөштүрдү. Венгр тили дүйнө жүзүндө эң татаал тилдердин бири болуп эсептелет. Бирок ага мадьяр тилинде кыргыздын тилиндегидей көп окшош сөздөр болгону анча-мынча жеңилдик берди окшойт. Бекеринен XIX кылымдын аягынан баштап мадьяр илимпоздору Кыргызстандын тарыхын жөн эле изилдебесе керек. Ал Венгриянын ички жана тышкы саясатын ийне жибине чейин билүүгө умтулду. Буга бир далил Москвада экөөбүз сейилдеп бара жаткан учурда, жолдун кесилишинде автобус токтоду. Анын ичинен туристтер чыга баштады. Алар венгриялык туристтер экен. Алардын аркасында келе жаткан улгайган венгр аял чемоданы менен чалынып балчыкка жыгылып кетти. Акылбек ага жардам берип, аны балчыктан тургузду. Ал венгр тилинде сиз сарсанаа болбоңуз, мен сизди мейманканага жеткенге жардам беремин деди. Сен мадьяр бир боорум турбайбайсыңбы деп, венгр аял кубанып, аны кучактады. Кийин экөө бири-бирине көпкө чейин кат жазышып жүрүштү. Акылбек институтту бүткөндөн кийин аны атактуу генерал Жумабек Асанкулов жактырып, Кыргыз ССРнин Мамлекеттик Коопсуздук комитетине (МКК) кабыл алат. Анын карьерасы Советтер Союзунун атайын кызматында башталат.

Акылбек  Ленбаевич Афганистандагы согушка да катышкан турбайбы? 

Аман  Салиев: Атам МККда чалгын кызматында аналитик катары такшалды. Анын бул атайын кызматында ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат аз. Азыркы күндө да атамдын ушул жаатта жасаган жумуштары тууралуу маалыматтар мамлекеттик купуя сыр. Акылбек Салиев Кыргыз ССРнин МККда эң күчтүү аналитик болчу деп анын жакын куралдашы белгилүү чалгынчы жана дипломат Алик Орозов суктанып, кыска мүнөздөмө берген. 1979-1980-жылдары жетекчилик атамды эки ирет Афганистанга жиберген. Биринчи жолу бул өлкөгө кеткенин энем үч күндөн кийин билген. Ошол учурда Афганистанда жарандык согуштун оту тутанып, Советтер Союзу 40-армиясын киргизген. Атам кызмат өтөгөн тайпа моджахеддер менен элдешүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзчү экен. Андан тышкары жергиликтүү калк менен тыгыз иштешчү. Афганистанда атамдын дипломатиялык жолу башталды деп айтсак болот. Анын айтымында советтик аскерлер Афганистанга киргенге чейин бул мамлекетте ар түрдүү улуттар менен уруулардын ортосундагы тирешүүсү кандуу кыргынга алып келген учурлар көп болгон. Ал бул согушта каармандыгы үчүн СССРдин “Эрдик үчүн” медалы менен сыйланган. Атам Афганистандан кайткандан кийин кайра Кыргыз ССРнин МККнын борбордук аппаратында эмгек жолун улантат.

Атактуу венгриялык илимпоз Дьёрдь Алмаши (сол жактан биринчи). Пржевальск шаары. 1911-жыл. 

Каракол педагогикалык колледжинин архивинен.

1980-жылдардын аягында Акылбек  Ленбаевич Венгрияда эмгек жолун журналист катары уланткан экен. Ал бул өлкөдө  кандай тажрыйба топтоду?

Аман Салиев: Атам инстутту бүткөндөн кийин көкүрөгүндө Будапештте иштесем деген  кыялы бар болчу экен. Аны жетекчилик 1980-жылдардын аягында Венгрияга ТАССтын кабарчысы кылып жиберген. Атам менен чогуу барганбыз. Будапештте анын журналисттик чыгармачылыгы өркүндөдү. Ал аналитикалык жөндөмдөрүн колдонуп, журналистиканын ыкмаларын үйрөнүп, жалпы элге түшүнүктүү тилде жазууга умтулду. Атам венгр коомчулугунун бардык өкүлдөрү менен тил табышты. Ошондо Венгрия социализм менен капитализмдин элементтерин аралыштырып уникалдуу экономикасын курганына күбө болдук. Бирок, 1989-жылдан баштап расмий Будапешт СССРден кол үзүп Батыш Европа менен ымаласын күчөтөт. Анын үстүнө Советтер Союзу урарына аз убакыт калганына атамдын көзү жеткен.

1991-жылы  Акылбек Салиевич Венгриядан Кыргызстанга кайтып келген соң, ага кайрадан  турмуштук жолун баштаган кыйын болду го?

Аман Салиев: Албетте. Себеби 1991-жылы декабрда СССР ыдырады. Анын кесепетинен Кыргызстанда социалдык-экономикалык оор жагдай түзүлдү. Биз да абдан кыйналдык. Ошол маалда үйүбүз жок болчу, улам батир алмаштырдык. Буга карабастан атамдын маанайы чөккөн жок. Анын Венгрияда иштеген бай тажрыйбасы, жаңыдан эгемендик алган Кыргызстанга керек болду. Себеби мамлекет тышкы саясатын түптөй баштаган. Ал карьерасын кайрадан нөлдөн баштады. Адегенде атам КР президенттинин тышкы саясий бөлүмүндө референт кызматынан баштады. Ошондо анын абдан кубанганы дагы эле көз алдымда. Атам бул бөлүмдө көп демилге көтөрүп, ыкчам иш-жүзүнө ашырды. Мисалы анын демилгеси менен КР Тышкы иштер министрлигинин жетекчиси Роза Отунбаева Венгрияга иш-сапары менен барган. Эки өлкөнүн ортосунда көп келишимдерге кол коюлган. Азыркы күндө да бул келишимдер эки тарапка тең пайдалуу иштеп жаткан учуру. Мындан сырткары атам КР УКМКнын чалгын кызматын түптөөгө катышкан. 1994-жылы ал өлкөнүн башчысына караштуу эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институн түптөп, ушул багытта кадрларды даярдаган. Атам ушул инстутту жетектеп турган учурда диний маселелерге көп көңүл бөлдү, анын кеңеши менен мамлекеттик органдар бул багытта далай көйгөйдү чечишти. Азыркы учурда атамдын диний көйгөйлөрдү чечүү боюнча идеяларын коңшу мамлекеттер жана Россиянын мамлекеттик уюмдары колдонуп жатышат. Ал КР дипломаттырынын ичинен биринчилерден болуп Сауд Аравиясынын Тышкы иштер министриги менен  менен түздөн-түз байланышып, муну менен эки өлкөнүн ортосунда кызматташуусуна салым кошту. Бүгүнкү күндө бул улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту кайрадан КР президенттин карамагына өттү. Атам жогорудагы институтту жетектеп турганда, мамлекеттин стратегиялык жактан ички жана тышкы саясатында көп маселелерди чечүүгө чоң салымын кошот. Биз үйүбүз жок учурда, атам башка кесиптештерине өкмөттөн батир алып бергенине күбө болгом. Ага башка ведомостволордун кызматкерлери кеңеш сурап келишчү, алар менен идеясын бөлүшүп, кагаз жүзүндө жазып бергенин көрчүмүн. 1997-2005 жылдары атам КР РФ элчилигинде кеңешчи жана ЖККУ (ОДКБ) өкүлү болуп дайындалган. Ал Москвада өлкөнүн кызыкчылыктары үчүн жемиштүү иштеди. Буга бир далил анын демилгеси менен КР менен РФ ортосунда түбөлүк достук жөнүндө келишим кол коюлган. Атам Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарына жеңилдик тууралуу келишимдерди түзүүгө умтулуп, аны иш-жүзүнө ашырган. Атам каза болгондо көп бейтааныш адамдар телефон чалып көңүл айтышты. Алар Россияга эмгек мигрант болуп келген учурда материалдык жактан кыйналганда, жардам бергенин айтышканда, абдан таң калдым. Мындан сырткары, ал дипломатиялык жаатта кадрларды даярдаганга үлгүрдү. Анын эмгегин баалап өлкөнүн жетекчилиги “Даңк” медалы менен сыйлаган. Атам 2005-жылы мамлекеттик кызматтан кеткен соң Кыргыз-Россия Славян университетинде стратегиялык талдоо жана прогноз институн түптөп, саясат таануу жана тарых илимдери боюнча кандидаттык жана докторлук диссертациясын коргогон. Ал командасы менен өлкөнүн ички жана тышкы саясаты боюнча изилдөөлөрдү жүргүздү. Атам Афганистандагы абалга такай көңүл бурчу. Ал массалык маалымат каражаттары аркылуу бул мамлекеттеги жарандык согушту токтотууга Кыргызстан аянтча болуп бере аларына жүйөлүү далилдерди келтирип айтып берчү. Тилекке каршы, атам 2020-жылы 27-майда узак оорудан улам Москвада көз жумган. Анын сөөгү бул калаада коюлду. Мен да атам сыяктуу Москва эл аралык институтунун чыгыш таануу факултетинин араб тили бөлүмүн бүтүп, илимий жаатта эмгектенип жаткан учурум.