Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы Авлетим айыл аймагына караштуу Мукур айылындагы Алымкулов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин курулушун көрдү.
Буга чейин мектеп авариялык абалда экени аныкталып, жаңы имарат куруу үчүн республикалык бюджеттен 72 млн сомдон ашуун каражат каралган.
Ушундай эле мектептердин курулушу Чат жана Дардак-Дөбө айылдарында да жүрүүдө. Жергиликтүү эл менен жолугушкан Төрага быйыл жалпы республика боюнча жасалып жаткан айрым иштерге токтолду.
Анын ичинен көмүскө экономиканы азайтуу, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу чараларынын негизинде быйыл эле өлкө экономикасы 7 жарым пайыз өскөнүн белгилеп, айрыкча социалдык мекемелердин курулушу жигердүү жүрүп жатканын кошумчалады.
Шакиев бардык айтылган маселелер менен тааныш экенин жана алардын чечилишин өз көзөмөлүнө аларын билдирип, таза суу менен камсыздоо жана электр мамычаларын орнотуу багытындагы долбоорлор кийинки жылы башталарын маалымдады.