Жаңылыктар
Бишкекте айыл чарба азыгынын үч күндүк жарманкеси өтөт
Айыл чарба
Бишкекте айыл чарба азыгынын үч күндүк жарманкеси өтөт

Бишкекте айыл-чарба азыгынын үч күндүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу, Соода-өнөр жай палатасы билдирди. 

Иш-чарада байыркы ыкма менен даярдалган суусундуктар, бал жана эт-сүт азыктары тартууланат. 

Жарманке 14-16-октябрь күндөрү Кыргыз улуттук агрардык университеттин жанында болот. 

Маалыматта айтылгандай, катышуучулар кол өнөрчүлөрдүн эмгегине да күбө болушат. Жарманкеге Кыргызстандын бардык облустарынан табигый, органикалык продукция даярдаган ишканалар катышмакчы.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118