Жаңылыктар
Бишкекте аскер институтунда жаңы зал ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте аскер институтунда жаңы зал ачылды

Бишкектеги Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда окуу жайдын 82 жылдыгына карата "Тарых жана аскердик даңк" залы ачылды.

Ага Коргоо министри Бактыбек Бекболотов баштаган УКМКнын чек ара кызматынын директору жана министрликтин, ведомстволордун өкүлдөрү, Усенбековдун жакындары, ошондой эле аталган окуу жайдын өздүк курамы катышты.

Иш-чарада аскер кызматкерлери кызматтагы күжүрмөн даярдыкты жогорку денгээлди көрсөткөндүгү үчүн Коргоо министрлигинин медалы жана Аскер институтунун ардак грамотасы менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер союзунун баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбековдун ысымын алып жүргөн Аскер институт өлкөнүн жалпы күч түзүмдөрү үчүн кадрдык офицерлерди дайындайт.