Жаңылыктар
Жалал-Абад жана Ош шаарларында ишембилик өттү
Аймак
Жалал-Абад жана Ош шаарларында ишембилик өттү

Жалал-Абад жана Ош шаардык мэриясынын маалыматы боюнча 12-ноябрда эки шаарда массалык ишембилик өттү. 

Маалыматка ылайык, ишембиликке менчигинин түрүнөкарабай шаардагы бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, муниципалдыкаймактык башкармалыктардын эмгек жамааттары, шаар тургундары катышты.

Ишембиликтин алкагында эс алуу парктары,аллеялар, мекеме-ишканалардын жана турак жайлардын айланасы, шаардагы бардыккөчөлөр, тротуар жана арыктар тазалоодон өткөрүлдү.

“Ош-Тазалык” жана “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдыкишканаларынын атайын техникаларынын жардамы менен 2200 метр куб таштандычыгарылды.

Белгилей кетсек, массалык ишембилик "Тазамурас" өнөктүгүнүн жана шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругу мененжарыяланган үч айлыктын алкагында өтүп, 2022-жылдын 1-декабрына чейин ар аптасайын улантылат.