Жаңылыктар
Швейцариядан лыжа, сноуборд боюнча инструкторлор Бишкекке келишти
Кыргызстан жаңылыктары
Швейцариядан лыжа, сноуборд боюнча инструкторлор Бишкекке келишти

Кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү долбоорунун алкагында, Швейцариядан кышкы спорттун түрүн жайылтып, лыжа, сноуборд боюнча инструкторлор Бишкекке келишти. Алар Кыргызстандагы тоо-лыжа базаларында иштегендерге, каалоочуларга сырларын үйрөтүп, тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Учурда ички жана тышкы каттамдардын санын көбөйтүү үчүн өлкө аймактарында эски аэропорттор оңдолуп, айрым жерлерде жаңы аба майдандарды куруу иштери башталды. Бул туристтердин агымынын көбөйүшүнө өбөлгө болот. Кыргызстанда туризм экономикалык өсүштүн маанилүү фактору, дешет серепчилер.