Жаңылыктар
Коргол Досуевдин 140 жылдыгына карата айтыш сынагы өттү
Маданият
Коргол Досуевдин 140 жылдыгына карата айтыш сынагы өттү

Жалал-Абаддын Токтогул районунда алп акын Коргол Досуевдин 140 жылдыгына карата республикалык айтыш сынагы уюштурулду. 

Иш-чара Токтогул райондук маданият үйүндө 11-ноябрда өттү. Ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы, Токтогул шаардык мэриясы, Айтыш коомдук фонду, Кыргыз улуттук “Манас” театры, "Ак-Бакай" коомдук фонду менен биргеликте уюштурулду.

Катышкан акындарга акчалай байгелер тапшырылды.