Жаңылыктар
Баткендеги өрүк бактарын белгисиз оору каптады
Айыл чарба
Баткендеги өрүк бактарын белгисиз оору каптады

Баткен районундагы өрүк бактарын белгисиз оору каптады. 

Илдеттин айынан район аймагындагы көпчүлүк өрүк бактары куурап калуу коркунучунда турат. Мындан улам багбандар тез арада дарылоо чараларын көрүү зарылдыгын айтып чыгышты. 

Быйыл багбандар өрүктөн жакшы киреше табабыз деген тилектери көңүл жылытпагандыгын айтышууда. Жаз эрте келип, мол түшүм алышканы менен белгисиз ооруунун айынан сапатсыз өрүк түшүмү базарда арзан баада сатылууда.

 Өрүк дарактарынын массалык түрдө мындай илдетке чалдыгуусу алгачкы жолу болуп жаткандыктан багбандар буга каршы кандай дары-дармек колдонуунун айласын таппай турушат.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118