Жаңылыктар
Боом капчыгайынын жолу бир тараптуу жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Боом капчыгайынын жолу бир тараптуу жабылды

Ремонт иштерине байланыштуу Боом капчыгайынын 126-300 чакырымдарындагы тилкеси кыймыл үчүн бир тараптуу убактылуу жабылды.

Транспорт министрлиги билдиргендей, 14үнөн баштап 19-ноябрга чейин бул участокко асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу Бишкек багытына транспорт кыймылы каршылаш тилке боюнча жүрөт.