Советтик кыргыз киносунун жана театрынын актрисасы, СССР эл артисти, Кыргыз ССРинин кинематографисттер Союзунун мүчөсү Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 23-октябрда ( айрым булактар боюнча 20-октябрда) Төкөлдөш айылында жарык дүйнөгө келген. Мектептен 7-классты бүтүргөн соң 1936-жылы өзүнүн чыгармачылык ишмердүүлүгүн жаш көрүүчүлөр театрында, азыркы Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында баштаган.
Бакен Кыдыкеванын атасы кызынын артист болушун каалабагандыктан, 16 жашында өзү сүйүп тандап алган кесиптен кетүүнү чечет. Адамды өзүнө тарткан, келбеттүү сулуунун тагдыры, кетүү тууралуу арызын жазып келген күнү эле чечилип, ошол кездеги жаштар театрынын режиссеру Самарин-Волжский Лопе де Веганын “Кой булак ” пьесасындагы башкы кейипкер – Лауренсиянын ролун сунуш кылат. Режиссер мүмкүн Кыдыкееванын оргуп-ташып турган талантын ошол кезде эле сезсе керек. Спектаклдин премьерасы укмуштуудай ийгиликтүү өтүп, театр дүйнөсүн дүңгүрөткөн жаңы ысым пайда болот. Ал ысым – Бакен Кыдыкеева эле. Атасы кызындагы чоң талантты көрүп, ачуусун токтотуп, кызынын маңдайынан өөп батасын берет.
Бакен Кыдыкеева сахнанын гана көркүн ачпастан, кыргыз улуттук киносунда да жаркырап чыга келди. Анын чыгармачылык өмүрүндө жүздөн ашуун театралдык жана кино ролдору жаралды. Аны “Биринчи” актриса деп атай башташты. Анткени анын башкаларга окшобогон азия-европалык келбети - дүйнөлүк,орус драматургдарынын пьесаларынын башкы кейипкерлеринин образдарын түзүүдө чоң ролду ойноду. Ал кыргыздын улуттук биринчи түстүү көркөм фильминде башкы ролду – Салтанаттын ролун өзгөчө ачык боек, жылуу дем менен жараткан. Кинодогу дебюттук ролду аткарган учурда актриса 32 жашта болгон.
КР эл акыны Эрнис Турсуновдун жана КР эл артисти Дарика Жалгасынованын “Триумф жана трагедия” деген китебинен үзүндү келтирейин:
Декадага байланыштуу (1958-жыл) борбордук “Огонек” журналына Бакен Кыдыкеева жөнүндө фотосүрөттөрү менен очерк жарыялаш үчүн август айында белгилүү фотокабарчы Бальтерманц командировкага келди. Ал маданият министри Абдыкайыр Казакбаевдин кабыл алуусунда болуп, Бакен Кыдыкееваны таап, тоого атасыныкына алып баруусун өтүнгөндүктөн, жанына мени кошуп берди. Биз министрдин “ЗИМи” менен театрга келдик.
Ак көпөлөктөй ак кийинген, бели ичке, шыңгыттай Бакен эже театрдан чыкканда Бальтерманц таң калганынан тарс жарыла жаздады. Ошондо Бакен эже отуз бештерде болсо керек, гүлбурактай аңкып, толукшуп турган курагы экен...
- Мен арабдардын, индустардын сулуу аялдарын көрдүм эле. Япония гейшаларын да сүрөтко тарткам. Бирок, көчмөн элден чыккан мындай сулуу аялды көрө элек элем. Атасы койчу болсо, Кыдыкееваны маданияттуу кылган театр окшобойбу?- деди.
- Ооба, туура айтасыз, - дедим мен, - Бакен эже орус педагог-режиссерлорунан тарбияланып, таалим алган.
Бакен Кыдыкеева катышкан тасмалар: «Салтанат», 1955-ж., «Токтогул», 1959-ж., «Ашуу»,1961-ж., «Ак тоолор», 1965-ж., «Биринчи мугалим», 1965-ж., «Саманчынын жолу», 1967-ж., «Жоргонун жүрүшү», 1968-ж., «Караш-караш окуясы», 1969-ж., «Комиссар», 1969-ж., «Бабалар сыры», 1972-ж., «Көчө», 1973-ж., «Жолугушуулар жана коштошуулар», 1974-ж. ж.б.
Кыргыз искусствосунда Чолпон жылдыздай жанып турган Бакен Кыдыкееванын жашоосунун акыркы күндөрү өтө трагедиялуу өткөнү жашыруун деле эмес.
КР эл акыны Эрнис Турсунов жазат:
1993-1994-жылдар тогошуп жатканда СССРдин эл артисти, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Ленин ордендүү, ай чырайлуу аялдын сөөгү тоңуп, өлүкканада 19 күн жатканы, аны эч ким издебегени, редакцияга кабарлашып, араң таанышканы сай-сөөктү сыздатат. Болгондо да мүлдө Кыргызстанга кеңири таанымал, театр жана киножылдызы Бакен Кыдыкееваны! Бул кайдыгерликтин, таш боордуктун, наадандыктын жеткен чеги эмеспи! Мына, адамдын, өнөрдүн, эмгектин баркы кеткени!
...ушундан кийин кимге ишенсек болот? Үй-бүлөгөбү, коомгобу, иштеген мекемегеби? Кайран киши, өнөрү менен кошо өлгөн экен деген ой туулат.
ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023- жылды жалпы түрк дүйнөсүндө “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялады.Бакен Кыдыкееванын кайталангыс феномени тууралуу айтылчу кеп али алдыда...
Гүлмира Кулумбаева