Жаңылыктар
Бишкектин жети көчөсүнө жаңы жол чырактар орнотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин жети көчөсүнө жаңы жол чырактар орнотулат

Жөө жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугу үчүн Бишкектин жети көчөсүнө жаңы жол чырак орнотулат. Бул тууралуу мэриядан билдирди. 

Шаардын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тендер өткөрүп, натыйжада Лев Толстой — Мухтар Ауэзов, Профсоюзная — Бородино, Ахунбаев — Тыныстанов (үн коштоочу аппараты менен), Шералиев — Күйүкова, Салиева — Буденный, Манас — Көкчөтай, Сухэ-Батор — 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишине жол чырактар коюлат. 

Жол чырактар ноябрь айынын аягына чейин ишке берилет. Жыл аягына чейин дагы 11 светофор орнотуу пландалууда.