Жаңылыктар
Баткенде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Аймак
Баткенде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн таңкы саат 04:07де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна таянуу менен билдиргендей, жер титирөө Лейлек районунун Ак-Суу, Коммуна айылдарында 3 балл, Жеңиш, Искра, Андарак, Таш-Булак айылдарында жана Раззаков шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. 

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.