Жаңылыктар
Өспүрүм кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө башталды
Ден соолук
Өспүрүм кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө башталды

Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева 14-ноябрда, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Бишкек шаарындагы мектептердин биринде өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө иштерине старт берди.

Ага ылайык, мектеп окуучуларын эмдөө программасынын алкагында 11 жаштагы кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө иштери башталды. Эмдөө өлкө мектептеринин медициналык пункттарында бекер жүргүзүлөт. 

2022-2023-окуу жылында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздар да аталган вируска каршы вакцина менен эмделет. Вакцина 6 айлык аралык менен эки жолу жасалат. Биринчи доза ноябрда берилсе, экинчиси май айында жасалат. 

Өспүрүм кыздарды пландуу эмдөө келечекте жыл сайын 600дөн ашык оорунун жана онкологиялык илдетке кабылган 300гө жакын өлүмдүн алдын алат. Негизги максаттуу топко Иммунизация маселелери боюнча Улуттук техникалык эксперттик комиссия вакцинаны киргизүүнүн биринчи жылында 12-14 жаштагы кыздарды эмдөөнү сунуштайт. 

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл белгилегендей, бул эмдөө рактын алдын алуу үчүн маанилүү профилактикалык иш-чара болуп саналат. Анын ийгиликтүү өтүшү үчүн уюшкан ведомстволор аралык координация жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Саламаттык сактоо министрлигине ар кандай жардам көрсөтүүсү зарыл.