Жаңылыктар
Кыргызстан он айда 28 млрд сомдон ашык карызын төлөдү
Экономика
Кыргызстан он айда 28 млрд сомдон ашык карызын төлөдү

Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында 28 миллиард 854 миллион сомдук карызын төлөдү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. 

Анын ичинен мамлекеттик тышкы карызга 19 жарым миллиард, ички бересеге 9,3 миллиард сом жумшалган. Ал эми ушул эле он айдын аралыгында республикалык бюджетке баалуу кагаздарды чыгаруудан 12,4 миллиард сом түшкөн. 

Азыркы тапта мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү ички, тышкы карызды кошкондо 5 миллиард 217 миллион долларды же 418 миллиард 384 миллион сомду түзөт.