Жаңылыктар
Чикаго шаарындагы Башкы консул Б.Борбиев Жарандык жана миграция кызматынын кеңсесинин директору менен жолугушту
Саясат
Чикаго шаарындагы Башкы консул Б.Борбиев  Жарандык жана миграция кызматынын кеңсесинин директору менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Болотбек Борбиев Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарынын Жарандык жана миграция кызматынын кеңсесинин директору Кевин Риддл менен жолугушту.

Бул жолугушуу Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарынын Жарандык жана миграция кызматынын кеңсесин жаңыдан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдуктун ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, жарандык, КР жарандарынын АКШ аймагында ишке орношуусу үчүн эмгек квоталарын жогорулатуу боюнча маселелерди талкуулоо максатында уюштурулган. Жолугушуу ачык, конструктивдүү маанайда жана достук кырдаалда өттү.

Эске салсак, Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштаган:

100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610.

Телефон: 312 994 2416

312 929 3442 (өзгөчө кырдаалдарда 24/7)

Email: kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg