Жаңылыктар
Ош менен Ысык-Көлдө арзан көмүр сатылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ош менен Ысык-Көлдө арзан көмүр сатылууда

Энергетика министрлигине караштуу "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы калкка арзан көмүр ташууну улантууда.

Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ишкана атайын отун базаларды ачып, Ош облусунда ташылып келген кара алтындын бир тоннасы 4800 сомдон, ал эми Ысык-Көл облусуна Кара-Кечеден алынган көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатыла баштады.

Көмүр сатып алууну каалагандар

Ош шаары:

- Бирлешкен айылы;

- Жапалак айыл өкмөтү;

- Туран кичи шаарчасы;

- Амир-Темир кичи шаарчасы.

Ысык-Көл облусу боюнча:

- Чолпон-Ата шаары;

- Промзона кичи району; (ПМК 107)

- Ысык-Көл району,Темир айылы;

- Иманалиева көчөсү кайрылса болот. 

Эске салсак, буга чейин Кара-Кече көмүр кенинен август айынан ноябрга чейин 555 миң тонна көмүр казылып чыкты. Анын 317 миң тоннасы калкка, 295 миң тонна Бишкек ЖЭБге ташылды. 

Учурда Бишкекке тоннасы 4 миң сомдук көмүр темир жол аркылуу вагон менен ташылууда.