Жаңылыктар
Ала-Бука районунда таштандыны кайра иштетүүчү завод курулууда
Аймак
Ала-Бука районунда таштандыны кайра иштетүүчү завод курулууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда таштандыны кайра иштетүүчү кичи завод курула баштады. Бул тууралуу аталган райондун администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18 млн 540 миң сомдук техника жана кичи завод үчүн жабдыктар алынып келет. Бүгүнкү күнгө 1 даана экскаватор алып келинсе, жакынкы күндөрү таштанды ташуучу унаанын келүүсү күтүлүүдө. 

Мындан сырткары, кичи завод үчүн таштандыны иштетүүчү үч жабдык, электр трансформатору жана унаалар үчүн тараза келет.