Жаңылыктар
Бишкек мэриясы 120 автобус сатып алат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек мэриясы 120 автобус сатып алат

Жыл аягына чейин Бишкек шаарына көп орундуу жана заманбап үлгүдөгү 120 автобус алынып келет. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган автобустарды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.

Эми алар бир айдын аралыгында келет.