Жаңылыктар
Өзбекстан парламенти Кыргызстан менен чек ара келишимин ратификациялады
Чек ара
Өзбекстан парламенти Кыргызстан менен чек ара келишимин ратификациялады

Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруучу төмөнкү палатасы Кыргызстан менен келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлорун жактырды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн парламенттин маалымат кызматы кабарлады. 

Бул өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов депутаттарга отчёт берип, Өзбекстандын тышкы саясатынын приоритеттүү багыты Борбор Азия өлкөлөрү менен, тактап айтканда, Кыргызстан менен болгон мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо болуп саналаарын айткан. 

"Акыркы жылдары эки өлкөнүн президенттеринин бекем саясий эркинин натыйжасында көп тармактуу өзбек-кыргыз мамилелери жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Жасалма тоскоолдуктар жоюлуп, байланыштар калыбына келтирилди", — деген Арипов.

Эми документтердин долбоорлору Сенатта каралышы керек. Буга чейин Жогорку Кеңеши документти ушул жумада карашы мүмкүн экендиги белгилүү болгон. 

Кыргызстан менен Өзбекстандын парламенттери келишимдерди ратификациялашса, президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев кол коюп, ратификациялык грамоталарды алмашат. Ошентип кыргыз-өзбек чек арасынын 1400 чакырымдан ашуун маселеси чечилет.