Жаңылыктар
Таласта канаттууларга мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта канаттууларга мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалды

Талас районунда канаттууларга мыйзамсыз аңчылык кылып жүргѳн жаран кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, ал жаранды тинтүү учурунда жанынан мыйзамсыз олжолонгон канаттуу жана ок атуучу курал табылган. Жыйынтыгында жеринде протокол түзүлүп, 15 миң сом айып салынды.